Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши жандандырылды

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 475 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо маселесин жандантууга макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

15-декабрда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму өткөн.

Тараптар пандемиядан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу керектигин айтышты. Ошондой эле мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жолугушуу иштиктүү маанайда өттү. Тараптар топографиялык жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө ишин улантууга макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда протоколго кол коюлуп, кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү белгиленди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы, башкача айтканда 85 %ы такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM