Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада айыккандардын саны көбүрөөк катталды

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 486 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада Ош облусунда бир бейтап коронавирустан көз жумду. Өлкөдө бул илдеттин өлүм учурлары 1317ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 241 жаңы учуру аныкталып, март айынан бери коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 миң 151ге жетти.

Илдеттен бир суткада 403 жаран айыгып, сакайгандардын жалпы саны 71 миң 270ке жетти.

Бир сутка ичинде 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 15 кызматкер айыкты. Коронавирус жуктуруп алган медкитердин жалпы саны 4049га жетип, анын 3796сы сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM