Биз менен байланышыңыз

Назарбаев Акаев менен Бакиевди өлкөдөн кантип чыгарып кеткенин айтты (видео)

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 1327 | 0

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «Портрет үчүн штрихтер» даректүү тасмасынын алкагында «Хабар» телеканалына маек берип, Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев тууралуу айтты.

Назарбаев Кыргызстанда Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин аны Бишкектен Таразга вертолет менен чыгарууга мажбур болгонун ачыктады.

Андан кийин ушундай эле окуя өлкөнүн кийинки президенти Курманбек Бакиев менен да болгонун, Бакиев тарапташтарын чогултуп, Бишкекке көздөй бет алганда кан төгүүгө барбасын деген максатта аны токтотуп калганын айтты.

«Мен Кыргызстан жөнүндө айта кетишим керек. Акаевди Бишкектен Таразга вертолет менен алып кетишим керек эле. Абал оор болчу, алар ошол жерде ок чыгарышмак, бирок эч кандай тирешүү болбошу үчүн мен аны алып чыктым.

Андан кийин ошол эле окуя кайталанды. Курманбек Ошто отуруп, тарапташтарын чогултуп, аларды куралдандырып, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр турган. Мен айттым: «Курманбек, эмне кылып жатасың, эмне үчүн? Кан төгүү менен дагы президент болуп отургуң келеби? Андан кийин кантип иштейсиң?» Убактылуу президент болгон (Роза Отунбаева) менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал: «Бир нерсе кыл, Курманбекти тынчтандыр», — деп суранды. Мен Курманбекке чалып: «Сени Оштон алып кетейин. Анан сүйлөшүп аласың, менин жанымда болосуң, ушул жерде» деп эптеп көндүрдүм», -деди Назарбаев.

Анын айтымында, ошол учурда Американын борбору Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын өтүп жаткан. Ошол кезде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев болгон. АКШны Барак Обама башкарып турган. Вашингтондогу антиядролук маселелер боюнча жыйында Кыргызстан жөнүндө сөз болуп, жарандык согуш башталып жатканы айтылган.

«Биз ошол жакта болгонбуз. Орусиянын президенти Медведев болчу. Обама да бар болчу. Үчөөбүз туруп шыбырашып отурган сүрөт да бар. Жыйында Кыргызстанда жарандык согуш башталып жатканы тууралуу сөз болду. Бакиев куралдуу топтор менен Бишкекти көздөй барууну каалап турган, аны токтотуу үчүн бир нерсе кылыш керек болчу. Мен «Бакиевди өлкөдөн алып чыгам, учагымды орусиялык согушкерлер калкалап берсин» деп айттым.

Ал кезде Казакстандын Коргоо министри болгон Адилбек Жаксыбековго учак менен алып чыгалы десем, ал аскердик чалгындоо аркылуу аракет кыла баштады. Курманбекке борт бара жатканын айттым, ал үй-бүлөсү менен келди. Эгер мен муну жасабасам, анда чоң кан төгүүлөр болмок. «Муну унутпагыла» деп айткам», — деп кошумчалады Назарбаев.

Copyright © 2017 Maral FM