Биз менен байланышыңыз

Армения менен Азербайжан туткундарды алмашты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 680 | 0

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы согуш маалында колго түшүрүлгөн туткундарды алмашты. Буга орусиялык тынчтык күчтөрү ортомчулук кылды.

Маалыматка караганда, азери тарапка 12, армян тарапка 44 туткун өткөрүлүп берилди.

27-сентябрда башталган алты апталык согуш 9-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилери кол койгон үч тараптуу келишимге ылайык токтотулган. Мунун негизинде тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймактын тынчтыгын көзөмөлдөө үчүн эки миңге жакын аскерин киргизген.

Тоолуу Карабах жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабахтын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылыштан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM