Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 16 Дек 2020 | 1102 | 0

Кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогун жеңип алды.

62 кг салмакта  Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова буга чейин жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңип алган.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова жеңип алган.

Эртең 16-декабрда Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясынын финалдык беттешинде орусиялык Ханум Валиева менен күрөшөт. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Дүйнө Кубогунан учурда кыргызстандык спортчуларнын байге куржунунда 2 алтын, 2 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM