Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2020 | 411 | 0

Бүгүн 15-декабрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунда кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова жарым финалдык баскычка өттү.

68 кг салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова алгачкы беттешин чейрек финалдан баштап, беларусиялык Анна Садчанканы далысын жерге таза басып, жарым финалга жолдомо алды.

Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те баштала турган жарым финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова украиналык Алина Стадник менен кез келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM