Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова: Чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо тилкелери ачылууда

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 457 | 0

10-январда өтө турган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн Кыргызстанда 2473 шайлоо тилкеси ачылды. Анын ичинде чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участкасы бар.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова Бишкекте үгүт иштери башталганына байланыштуу өткөн жыйында кабарлады.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо тилкелери ачылып жатат. Мекендештер консулдук каттоого туруп, же болбосо дарегин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууда.

«Москвада ачылган 3 шайлоо тилкесинин ар бирине 3,5 миңдей жаран каттоодон өттү. Биз бүгүн дагы кошумча 2 шайлоо участкасын ачып жатабыз. Андан тышкары, мурдатан эле пландап жаткан Тюмень шаарында дагы бир шайлоо тилкеси ачылуу алдында турат», — деди Шайлдабекова.

Кыргызстанда 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды. Ал 8-январь, саат: 00:00гө чейин созулат.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Башында президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышуу ниетин билдирип, 65 жаран арыз жазган. Учурда 18 талапкер калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM