Биз менен байланышыңыз

Памирден келген Турганбай: Максаттарыма жетүүгө жардам бере тургандар болсо…

Маек | 16 Дек 2020 | 7280 | 0

2016-жылы Ооганстандын Памир аймагында жашаган кыргыздарга жардам берүү, аларды түп Мекенине алып келүү демилгеси көтөрүлүп, мунун негизинде 2017-жылдын 12-октябрында Нарын облусуна 33 үй-бүлөнү көчүрүп келишкен. Алар Нарын районунун Куланак айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылып, заманбап билим алуусуна, Кыргызстандын шартына ыңгайлашып жашап кетүүсүнө кам көрүлүп баштаган.

Келгендердин арасында биздин каарманыбыз Турганбай Памири да бар эле. 16 жашында Кыргызстанга келген ал маектин жүрүшүндө алгач эле медициналык кароодон өтүшкөнүн, андан кийин тамга таанытуу, Кыргызстандын шартына ылайык кесип үйрөтүү иштери башталганын айтып отурду. Буга чейин араб арибинде жазып келген памирлик кыргыздарга орус тамгасын өздөштүрүү кыйынчылык туудурган. Бирок жеринен далалаты күч Турганбай тездетилген ыкма менен бир жылда үч классты окуп, учурда 9-классты аяктап, И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы колледждин 1-курсуна кабыл алынды.

— Окуп баштаганда кандай кыйынчылыктар болду?

— Чынын айтканда, кыйынчылыктар болду. Маселен, 3 классты бир жылда окуу оор эле экен. Мен үчүн кыргыз тили жана адабияты сабактары жеңилирээк болсо, берки физика, математиканы өздөштүрүү кыйынчылык жаратты. Бирок аракет кылып отуруп, өздөштүрүп кеттим.

— Студент болгон кандай экен?

— Жакты мага, бирок орус тилинен кыйналып жатам. Бул тилди буга чейин уккан эмесмин, билчү эмес элем, азыр үйрөнүүгө аракет кылуудамын. Студент болгон жакшы экен. Келгениме эки ай болду, көнүп деле калдым. Азыр аралыктан окуп жаткандыктан, группалаштарым менен онлайн эле көрүшпөсөм, мындай көрө элекмин. Группада 21 студентпиз. Арасында эркектерден мен элемин, калганы бүт кыздар. Бул дагы бир чоң өзгөчөлүк десем болот (күлүп).

— Бишкек шаары жактыбы?

— Негизи, ооба. Чоң шаар экен, кооз дегендей. Маршурутка көп, адашат экенсиң (күлүп). Анан мага жаш эле балдардын кыргыз болуп туруп, орусча кайрылып, орусча сүйлөшкөнү чоң көйгөйдөй сезилди. Бирок улуу байкелер, эжелер кыргызча эле сүйлөшөт экен.

— Тил деп калдыңыз, канча тил билесиз?

— Кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Анан фарс-тажик тилдерин билем. Негизи экөө окшош эле. Орус, англис тилдерин үйрөнүү боюнча курска барып жаттым эле, каражат жок токтоп калды. Буйруса, акчам болгондо бул тилдерди да үйрөнөм.

— Мугалимдик кесипти кантип тандап калдыңыз?

— 9-классты бүткөндө эле окууну андан ары улантуу боюнча ойлоно баштадым. Адегенде Нарын мамлекеттик университетине тапшырууну ойлогом. Анан Мамбетасан Ибраевге жолугуп калып, агай мага: «Сен деген Памирге барып кызмат кылышың керек, мугалим болушуң керек», — деген кеңеш берди. Мен да башында ушуну ойлоп жүрдүм эле, ошентип агайдын жардамы менен Бишкекте окуп калдым. Бул жактан алган билимди Памирдеги туугандарыма да бергим келет. Чет жакка кетип калбай, туугандарым менен бирге өнүккүм келет.

— Мамлекет тарабынан окууңузга кандай жардамдар болду, бюджеттик негизде окуп жатасызбы?

— Негизи бул жакка тапшырганда, «Окуу акысын төлөйсүң», — дешти. Бул боюнча «Мен эми Памирден келген жалгыз студент болсом, «памирликтерди бекер окутат» дегенди уктум эле», — деп министрликке кайрылсам, алар: «Карап көрөбүз», — дешкен. Азырынча жооп айта элек. Чечилип калса, бекер окуйм.

— XXI кылым — заманбап технологиянын доору. Бул жаатта билимиңиз кандай? 

— Интернет деген түшүнүк Кыргызстанга келгенде башталды. Нарында окуп жүргөндө социалдык тармактарга катталып, үйрөнүп жүрдүм. Анан Бишкекке келгенде кичине таанылып, эфирлерге барып баштадык. Ал жактагы сүрөттөрдү Инстаграмыма киргизип, WhatsAppтан жазышып, ал тургай Ютуб канал да ачып, ал жакка видеолорду монтаждап киргизип турам. IT тармагына аябай кызыгып калдым. «Ноутбук сатып алып, дагы терең үйрөнсөмбү?» — дедим эле, каражат жок үйрөнө албай жатам. Негизи, IT тармагы бүт кесипке керек экен, мугалим болсоң да, доктур болсоң да. Ошон үчүн бул кесипти үйрөнөм.

— Бишкекте жашоо кыйынчылык жаратпай элеби? 

— Азыркы тапта каражат жагынан кыйналып жатам. Үй маселесин болсо Мамбетасан Ибраев агай чечип берди. А кишинин жатаканасы бар экен, ошол жактамын азыр.

— Алдыдагы максаттарыныз кандай?

Биринчи максатым: жакшы окуп, татыктуу билим алуу. Андан ары өнүгүп-өсүп, лидер мугалим болуп, Кыргызстанга чоң салымымды кошкум келет, памирлик туугандарымды да жакшы жашоого алып келсем дейм. Сөз менен калып калбасын деп, жакшы байкелер менен таанышып, жалпы кыргыз эли менен бирге Памирге мектеп салсак деген максатым бар. Мисалы, ал жактан 9-класска чейин окутуп, калган окуусун Кыргызстанга келип уланткыдай шарт түзсөк. Өзүм студентмин, анан аракет кылып жатам. Максатыма жетүүгө жардам берген байкелер болсо жакшы болот эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM