Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги инклюзивдик билим берүү мекемелери салттуу режимде окууга даярданууда

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 398 | 0

Бишкекте мектепке чейинки жана жалпы инклюзивдик билим берүүчү мекемелерде, ошондой эле мектептердин алдындагы коррекциялык класстарда окутууну салттуу режимде жандандырууга даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды салттуу режимде окутууну калыбына келтирүү чечими кабыл алынган. Бардык санитардык шарттар Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин буйругу менен бекитилген.

Билим берүү уюмдарынын мугалимдери Бишкектин жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимине ылайык, ПЦР-тесттен акысыз өтүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM