Биз менен байланышыңыз

Быйыл 27 үч эмдин ар бирине 50 миң сомдон сүйүнчү берилген

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 332 | 0

2020-жылдын 1-декабрына карата жөлөк пул, кенемте түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 637 миң 200 адам алган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова брифинг учурунда кабарлады.

Анын ичинен «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 334 миң балага берилди.

Министрдин айтымында, ай сайын 3 миң сомдун тегерегиндеги жөлөк пулду 94 миң 100 жаран алат. Жыл башынан бери кош бойлууларга бериле турган жөлөк пул 32 миң адамга, сөөк коюу боюнча жөлөк пул 2 миң 800 жаранга төлөнгөн.

Ай сайын 25 категориядагы 40 миң 100 адамга жеңилдиктердин ордуна 1 миңден 7 миң сомго чейинки каражат берилет.

Мындан тышкары, быйыл 133 миң 900 ымыркайга «балага сүйүнчү» бир жолку берилүүчү жөлөк пул төлөнүп берилди.

2020-жылдын 1-декабрына карата 27 үч эм төрөлгөн. Ал ымыркайлардын ар бирине 50 миң сомдон сүйүнчү берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM