Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өзбекстандын колдоосу менен курулган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилүү алдында турат.
Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулду.
Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 8-декабрда Кадамжайдагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышкан. Анда эки корпус, 214 орун бар экени айтылган.
Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулду.