Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова бүгүн Дүйнө Кубогунун финалында күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2020 | 754 | 0

Бүгүн, 15-декабрда кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалында күрөшөт.

Анын атаандашы латвиялык Анастасия Григорьева болмокчу. Тыныбекова буга чейин жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңип алган.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесин биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова жеңип алган.

Учурда кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 1 алтын, 2 коло медаль бар. Ал грек-рим күрөшү боюнча спортчулар Жоломан Шаршенбековго, Калы Сулаймановго жана Руслан Царевге таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM