Биз менен байланышыңыз

АКШда вакцина биринчи болуп чиновниктерге берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 352 | 0

Америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцинанын алгачкы дозалары бүгүн АКШнын 145 шаарына жеткирилери күтүлүүдө. Андан соң бул өлкөдө массалык эмдөө башталат.

Вакцинация 2 этапта өтөт: биринчиси берилген соң, экинчиси 21 күндөн кийин сайылат.

Америка бийлигинин планы боюнча, алгач вакцинаны АКШнын 21 миллион тургуну алат, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери, ошондой эле карылар үйүндө жашаган 3 миллион адам бар.

Өткөн жума АКШнын Саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар бийлик вакцина менен 20 миллион америкалыкты камсыз кыларын айткан.

АКШда коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп алыш керек дегендердин катарына жогору кызматтардагы чиновниктер кирет, анын катарында Ак үйдүн айрым өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Ак үйдөгү Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Эллитон маалымдаганын «Washington Post» порталы жазды.

Айрым маалымат булактары алгачкылардан болуп президент Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенс эмдөө аларын жазып чыгышкан.

Ал эми Трамп буга байланыштуу билдирүү жасап, азырынча вакцина алуу планы жоктугун айтты. Ошондой эле башка аткаминерлер да муктаждык жок болсо, калктын маанилүү катмарынан кийин алса болорун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM