Биз менен байланышыңыз

Руслан Царев дүйнө кубогунда коло байге утуп алды

Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери болуп өттү.

Анда 72 килограмм салмак категориясында катышкан кыргызстандык балбан Руслан Царев коло байге үчүн болгариялык Айк Мнацаканян менен кармашып, жыйынтыгында Царев 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Руслан Царев Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда алгачкы медаль уткан кыргызстандык балбан болду.

55 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшкөн кыргызстандык балбан Балбай Дордоков азербайжандык балбан Азизли Эльденизге 3:0 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми дагы бир коло байге үчүн  күч сынашкан 67 килограмм салмак категориясындагы кыргызстандык балбан Халмурат Ибрагимов польшалык Роман Пачурковскиге 6:3 эсебинде жеңилип калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM