Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жоламан Шаршенбеков финалда күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2020 | 1188 | 0

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты. Аталган спорттук мелдеш Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жатат.

Шаршенбеков 13-декабрда 60 кг салмак категориясы боюнча таймашка чыгып, атаандаштарын жогорку эсеп менен утуп алган.

Ал эми  бүгүн, 14-декабрда финалдык таймашта дүйнө чемпиону аталган орусиялык балбан Степан Марянян менен күрөшөт.

63 кг салмак категориядагы Калы Сулайманов дагы коло байге үчүн күрөшөт, кыргызстандык балбан жарым финалда орусиялык балбан Жамболат Локьяевге 6:0 эсебинде утулуп калган.

Дүйнө кубогунун финалдык беттештери бүгүн өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM