Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча дүйнө кубогунда кыргыз балбандары күч сынашууда

Кыска кабар , Спорт | 12 Дек 2020 | 633 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогунда бүгүн Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын балбандары күч сынашууда.

55 кг  салмак боюнча күч сынашып жаткан балбан Балбай Дордоков биринчи айлампада украиналык балбанды жеңип, экинчи айлампада индиялык балбанды 10:5  эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

67 кг салмактагы Халмурат Ибрагимов франциялык атандашын утуп жарым финалга чыгуу үчүн индиялык балбан менен кармашат.

72 кг салмактагы Руслан Царев 1:2 эсебинде тажрыйбалуу Венгриялык Балинт Корпашка утулуп калды.

77 кг салмактагы белгилүү балбан Акжол Махмудов биринчи айлампада ишенимдүү жеңишке жетип, кийинки баскычта Сербиялык Виктор Немеш менен таймашта утулуп калды.

87 кг салмактагы Атабек Азисбековболсо  Европанын эки жолку чемпиону Зураб Датунашвили менен күрөшүп, 1:2 эсебинде утулуп калды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM