Биз менен байланышыңыз

УКМК Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 507 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жеке ишкерлер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, зер буюмдарын аткезчилик жол менен ташыган факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Анын алкагында, бул кылмышка УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу далилдер табылган жана ал бир нече жолу суракка чакырылган.

Суракка келбегенине байланыштуу Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контрабанда») боюнча шектелип жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын да жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM