Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 30,9 пайызга кыскарды

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 534 | 0

Быйыл Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу 30,9 пайызга кыскарып, 398,4 млн долларды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.

2019-жылы жалпы 576,8 млн доллар инвестиция келген. Быйыл 9 айда 398,4 млн доллар түшкөн.

Инвестициянын 90 пайызы кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына, кен казуу, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,5 эсеге кыскарды. Бул негизинен, Канададан 24,5 пайызга (иштетүү өндүрүшү), Улуу Британиядан 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо), Кытайдан 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо) төмөндөшүнүн эсебинен болду.

Ал эми Швейцариядан келген инвестиция 4,0 эсеге, Кореяныкы 2,1 эсеге жана Түркиядан келген инвестициянын көлөмү 8,7 пайызга, Казакстандан келген инвестициялардын 9,0 пайызга жана Азербайжандан – 1,8 эсеге көбөйдү.

Орусиядан келген инвестиция 2,5 жана Өзбекстандан 1,8 эсеге кыскарган.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында келип түшкөн чет өлкөлүк инвестициянын 32 пайызы Бишкек шаарынын ишканаларына, 23 пайызга жакыны Чүй облусунун, 21 пайызы Ысык-Көл облусуна, 16 пайыздан ашыгы Жалал-Абад облусунун ишканаларына туура келди.

2020-жылдын январь-сентябрында инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,4 эсеге көбөйдү жана 719,1 млн долларды түздү.

Инвестициянын чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 320,7 млн долларга ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM