Биз менен байланышыңыз

Бакудагы жеңиш парадына Түркия президенти Эрдоган да катышты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 748 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарынын «Эркиндик» аянтында аскердик парад уюштурулду.

Азербайжандын Тоолуу Карабахтагы жеңишине арналган салтанатта 150дөй аскердик техника жана 3 миңден ашуун аскер параддан өттү.

Түркия жана Орусия басылмалары маалымдагандай, жеңиш майрамына Режеп Тайип Эрдоган да катышты. Белгилей кетсек, Түркия президенти сый конок катары чакырылган. Мындан улам ал кечээ, 9-декабрда Бакуга учуп келген.

Тоолуу Карабах жана ага чектешкен Азербайжандын бир нече аймагы 1990-жылдардан бери армян тараптын көзөмөлүндө болуп келген. Сентябрдын аягында Баку эл аралык укук боюнча Азербайжандын курамына кирген аймактарды кайтарып алуу максатында чабуулдарын баштаган. Ноябрдын башына карата азери армиясы бир нече районду жана Тоолуу Карабахтын бир бөлүгүн ээлеп алган. Куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө эки тараптан миңдеген адам, анын ичинде жай тургундар да каза тапкан.

10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка эки миңге жакын аскерден турган тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган. Кийинчерээк Азербайжан аймагында түзүлүп жаткан мониторинг борборунун ишине Түркия катышып, элдешүү жараянынын сакталышына көз сала турганы белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM