Биз менен байланышыңыз

АКШнын Федералдык соода комиссиясы фейсбукка каршы сотко кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 562 | 0

АКШнын Федералдык соода комиссиясы, 46 штаттын жана эки округдун прокурорлору Facebook компаниясын «антимонополдук мыйзамды бузууга» айыптап, сотко кайрылышты.

Борбордук Азия Жаңылыктар кызматынын жазганына караганда, арыз жазуучулар Фейсбукту «перспективдүү атаандаштарын» сатып алуу менен «социалдык түйүндөрдө монополия орнотууда» деп айыптоодо.

Доо арызда Facebook компаниясын Instagram социалдык түйүнү менен WhatsApp мессенжерин сатууга милдеттендирүү талабы жазылган.

Facebook`тун өкүлдөрү өкмөт ийгиликтүү иштеп жаткан бизнести жазалап жатканын билдирип, бир нече жыл мурда Instagram менен WhatsApp`ты сатып алууга Федералдык соода комиссиясы өзү уруксат бергенин белгиледи. Компания аталган сервистерди ийгиликтүү кылуу үчүн миллиондогон инвестиция салганын жана сотто өзүн коргоого даяр экенин билдирди.

Акыркы 15 жылдын ичинде Facebook Instagram менен WhatsApp`тан тышкары болжол менен 70ке жакын майда компанияларды сатып алган. Instagram үчүн 2012-жылы 1 миллиард доллар төлөгөн. Ал кезде тиркеменин 30 миллионго жакын колдонуучусу болгон жана эч кандай киреше алып келчү эмес. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча Instagram`дын колдонуучулары 1 миллиарддан ашты. Андан бир нече жыл өткөндөн кийин Facebook 19 миллиард долларга WhatsApp тиркемесин сатып алган.

Facebook – 2,7 миллиардга жакын колдонуучусу бар дүйнөдөгү ири социалдык түйүн. Компаниянын базар баасы 800 миллиард долларга бааланууда. Анын башкы директору Марк Цукерберг дүйнөнүн эң бай беш адамынын катарына кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM