Биз менен байланышыңыз

Президентикке талапкерлер тууралуу кызыктуу фактылар

Блог | 14 Дек 2020 | 4749 | 0

Эртең, 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталат. Бүгүн биз алар тууралуу кызыктуу фактыларды даярдадык.

Арыз берүүчүлөрдүн кимиси болбосун, 7-январга чейин арызын кайтарып алууга укуктуу. Эгер катышуучу шайлоо мыйзамдарын бузса, БШК шайлоодон четтетиши да мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин үгүт өнөктүгүнүн бардык этаптарында талапкерди четтетүүгө укуктуу.

Президенттикке талапкерлердин арасындагы жалгыз айым — Клара Сооронкулова. Кесиби юрист, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде 11 жыл сабак берген. Президенттикке талапкерлигин биринчи жолу коюп жатат.

Президенттикке талапкерлердин арасында студент Аймен Касенов бар. Ал буга чейин парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышкан эмес. Касенов учурда Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин студенти.  Ага чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2018-жылдын декабрь айында аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан алган.

Экономика министринин мурунку орун басары, экономист, 39 жаштагы Эльдар Абакиров да алгачкы ирет президенттик жарышка аттанды. Ал чет өлкөдө билим алган. 2010-жылы Англия же Америкага кетүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, Кыргызстанга кызмат кылуу үчүн кайтып келгенин айтат. Жеке ишкер катары да ийгиликтүү. Бир канча тармакта бизнес-долбоорлорду ишке ашырган.

Дагы бир талапкер «Мол Булак Финанс» компаниясынын башкы директору Бабыржан Толбаев да шайлоого биринчи жолу катышууда. Ал АКШда окуган, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Ал эми президенттик шайлоого 3-ирет катышып жаткан жана буга чейинки шайлоодо 3-орунду алган талапкер — саясатчы Адахан Мадумаров. Анын карьерасы журналисттик менен башталып, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат, бир чакырылышында төрага да болгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери. Акыркы 6 жылдан бери туруктуу оппозиция болуп келет.

Алгачкы кесиби боюнча машыктыруучу Садыр Жапаров мектепти аяктагандан кийин 2 жыл армияда кызмат кылган. Ал жактан келгенден кийин Дене тарбия институтунда окуусун уланткан. 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин аяктаган. Учурда премьер-министр кызматын убактылуу токтотуп, шайлоо бара жатат.

Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаев 2011-жылдан бери президенттик шайлоого талапкер катары такай катышып келет. Кесиби экономист, буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген. 2019-жылдын октябрь айында Абдылдаев «кудай» экенин жарыялап, мурдагы Президент Сооронбай Жээнбековдон ыйгарым укуктарынан баш тартып, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылган.

Диний чөйрөдөн алгачкы ирет талапкер болуп чыккан «Халал» индустрия борборунун директору Мыктыбек Арстанбек талапкерлердин арасындагы көп балалуу ата. Ал 8 баланын атасы. Кесиби журналист. Өкмөттүн Ардак грамотасына ээ, КТРКнын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Дагы бир талапкер, мурунку Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 7 баланын атасы. Ал президенттик шайлоого экинчи ирет катышууда. Буга чейин жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде 2-катарда келген.

Чыгармачыл чөйрөдөн болгон кийинки талапкер — саясатчы Каныбек Иманалиев. Журналист жана саясат таануучу деген эки адистиктин ээси. 27 жашында тунгуч президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон. Жогорку Кеңештин беш чакырылышына депутат болгон. Жазуучу, акын, котормочу. Бир нече китептин автору. 2009-жылы анын «Каганат» аттуу китеби КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык конкурсунда «Биздин замандаш» номинациясы боюнча I даражадагы диплом менен сыйланган. Анын бир нече ырына обон жазылган.

Дагы бир талапкер Абдил Сегизбаев К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистигинде аяктаган. Бирок бул тармакта иштеген эмес. Мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы, кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болгон.

Кийинки талапкер — «Kg Group» курулуш компаниясынын жетекчиси, ишкер Имамидин Ташов. Орусияда курулуш тармагында тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келген. Кайрымдуулук иштери менен алектенген меценат катары да таанымал. Билими жогорку, кесиби экономист. Расмий эмес маалыматтарда, маркум мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиев депутат болуп турганда, жардамчысы болгон деп да айтылат.

Токмок шаарынын мурдагы мэри, саясатчы Канатбек Исаев да биринчи жолу президенттик жарышка аттанды. Ал 2013-жылы Чүй облусунун губернатору болгон, ал кызматты 2 жыл аркалаган. Андан кийин «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Кечээ жакында Жогорку Кеңештин V чакырылышына 23 күн төрага болду.

Саясий илимдердин кандидаты Равшан Жээнбеков кесиби боюнча юрист, ошондой эле экинчи жогорку билимин Москвадан алган. Мындан сырткары АКШдагы белгилүү Массачусетс университетинен квалификациясын жогорулаткан. 2019-жылы декабрь айында кармалып, тергөө абагына киргизилген. Саясатчы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда. Ушул жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда СИЗО-1ден чыгып кеткен.

Кийинки талапкер — судья Жеңишбек Байгуттиев. Ошондой эле ал Эл аралык Арбитраждык Соттун Байкоочу кеңешинин жана «Бишкек ишкерлер клубу» коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Генерал-майор чини бар талапкер Курсан Асанов да президенттик жарышка чыкты. Ал — Ички иштер министринин мурунку орун басары. Ушул жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын атынан катышып, тизмеде алдыңкы ондукта болгон.

Талапкерлердин эң улуусу Рашид Тагаев – 62 жашта. Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Милициянын генерал-майору. 2016-жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы филиалынын директору болуп дайындалган.

 

Талапкерлердин эң кичүүсү Бактыбек Калмаматов — 36 жашта. «Биз Барбыз» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп шайланып келген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында 65 талапкер арыз тапшырган. Учурда президенттик жарышка аттануу үчүн 18 талапкерге күбөлүк тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM