Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү

Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2020 | 526 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү деп белгиленип келет. Азырынча расмий макамга ээ боло элек бул майрамда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ири же кичи масштабдагы футболдук иш-чаралар өткөрүлөт.

Футбол тарыхына кайрылсак, алгачкы жолу Кытай булактарында биздин заманга чейинки II миң жылдыкта эскерилген. Анда футбол «Цу Чю» деп аталып, ал бут менен түртүү дегенди түшүндүргөн. Бул оюн аркылуу кытай аскерлери дайыма чымыр денелүү болууга умтулушкан.

Англис тилинен которгондо Фут — бут, бол — топ дегенди билдирет. Англичандар бул топ оюнун «Бут менен гана ойнолуучу оюн» деп аташкан. 1863-жылы октябрда Лондон шаарында бул оюнга ышкыбоздордун бирикмеси түзүлгөн. Азыркы футболдун тарыхы ушундайча башталган.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM