Биз менен байланышыңыз

Торугарт өткөрүү пункту убактылуу жабылды

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 567 | 0

Бүгүн, 10-декабрда «Торугарт-Автожол» жана «Тургат-Автожол» өткөрүү пункттарында адамдардын, автоунаалардын жана товарлардын өтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүү Кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерден улам токтотулду.

Ал 11-декабрь эртең мененки саат 09.00дөн тарта иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM