Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов АКШнын санкциялык тизмесине кирди

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 419 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго АКШнын Финансы министрлиги санкция киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Финансы министрлигинин Американын чет жактагы активдерге көзөмөл кылуу башкармалыгы Азия, Африканын бир топ өлкөлөрүндө коррупцияга аралашкан кишилердин тизмесин жарыялаган. Анда Матраимовго ачылган «санкциялык жеке баракча» да бар.

«Магнитский акты» аталышы менен белгилүү «кара тизме» 9-декабрь Коррупция менен күрөшүү күнүнө карата жарыяланды.

Бажыдагы коррупция боюнча «Азаттык» медиасы менен «Kloop» маалымат булагынын биргелешкен иликтөөсү 2019-жылдын 22-ноябрында жарыяланган.

Анда Кытайдан чыгарылган жүктөр Кыргызстандын Бажысы аркылуу мыйзамсыз өткөрүлүшү, Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар, аларга Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун түз байланышы бар экени айтылган.

Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда. Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM