Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арачылары машыгууларды өткөрүп, футбол ойношту

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 625 | 1

Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак конушундагы кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Анда 2020-жылга карата иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга карата пландар талкууланды.

Мындан тышкары, чек ара заставаларынын башчыларына кыргыз-тажик тилкесинде чек арачылар үчүн жүрүм-турум сызыгын сактоо боюнча биргелешкен практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле мамлекеттик чек аранын тактала элек аймактарын биргелешип кайтаруу, чек арада укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү, көйгөйлөрдү чечүүдөгү кызматташтык талкууланды.

Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаевдин айтымында, чек ара бекеттеринин башчылары үчүн биргелешкен окуу сабактары 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет.

«Биргелешкен машыгуулар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чек ара инциденттеринин санын 3 эсе кыскартууга мүмкүндүк берген факторлордун бири болуп калды», — деди Кыялбек Төлөнбаев.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2014-жылы 32 окуя катталган, быйыл 9 учур катталды.

Тажик чек арачылары менен болгон жолугушуудан кийин Баткен участкасында Кыргызстандын чек ара өкүлчүлүгүнүн кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Кыргыз-тажик чек арачылары футбол ойношту (сүрөт) | eldik.media

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM