Биз менен байланышыңыз

Активисттер: Парламенттин референдум тууралуу мыйзам кабыл алууга укугу жок

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 409 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жарандык активисттер референдум өткөрүүгө каршылык билдирип, митингге чыгышты.

Парламент бүгүн кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Чогулгандар парламенттин азыркы чакылышынын ишмердүүлүгү мыйзамсыз болгондуктан референдум тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга укугу жок экенин айтышты.

Алар Башмыйзамды алмаштырууга, референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин билдирген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Талкуу учурунда Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Рыскелди Момбеков референдум тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM