9-декабрга карата COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 1303кө жетти.
Бир сутка ичинде 322 адам коронавирус менен катталды, жалпы аныкталган учурлар 76 миң 12ни түзүүдө.
Бир күндө коронавирустан 494 адам айыгып, вирусту жеңгендердин жалпы саны 68 миң 367ге жетти.
Медициналык кызматкерлер арасында 10 учур катталды жана 7 кызматкер айыкты.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетин 3996 медик жуктурган, анын 3702си сакайды.