Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Башмыйзамды өзгөрткөндөн эл эки сом да пайда көрбөйт (видео)

Кыска кабар | 9 Дек 2020 | 1469 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков президенттик шайлоо менен кошо бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору кысым менен кабыл алынганын сындады.

Депутат бул мыйзамды кабыл алууда бардык регламент бузулганын, муну менен парламенттин какшып калган кадыры биротоло «көргө киргенин» айтты.

Момбековдун пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүүдөн элдин жашоосу өзгөрбөйт.

«Баары мыйзам жолу менен кетип жатат, бул элдин талабы деп жатасыңар, Башмыйзамды алмаштыргандан элдин жашоосу алмашпайт. Бай-манаптардын эле жашоосу өзгөрөт. Башмыйзамды өзгөрткөндөн эл эки сом да пайда көрбөйт. Пайдасын элита көрөт. Венециялык комиссия парламенттин иши мыйзамсыз экенин айтты, «силер эч ким эмессиңер» деп айтты, биз эмнеге ал корутундуну эске албайбыз? Референдум өткөрүүгө эмнеге шашып жатабыз? Бир эле Жапаровдун сөзүн укпайлыбы, эми экинчи Жапаровду да уга беребизби?» — деди депутат.

Парламент 10-январга белгиленген кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

9-декабрдагы жыйында вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирди.

Электрондук табло болбогон үчүн мыйзамга каршы жана макул болгондордун так саны билинген жок.

Талкуу учурунда Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Рыскелди Момбеков референдум тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM