Биз менен байланышыңыз

Роналду менен Месси 9-декабрда футбол талаасында беттешет

Кыска кабар , Спорт | 8 Дек 2020 | 545 | 0

Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турунда Испаниянын «Барселона» клубу менен Италиянын «Ювентус» клубу беттешет.

Беттеш испандыктардын «Камп Ноу» футбол талаасында 9-декабрга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат. Эки команда тең мөөнөтүнөн мурда эле мелдештин плей-офф баскычына жолдомону камсыз кылган.

Бул оюнда мурунтан бери атаандаш болуп келе жаткан Криштиану Роналду менен Лионель Месси оюн тааласына чыгат. Оюн социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Эки команданын алгачкы беттеши 28-октябрда Туринде өтүп, анда «Барселона» 2:0 эсебинде утуп алган. Усман Дембеле менен Лионель Месси киргизген голдор беттештин тагдырын чечкен. Белгилүү футболчу Криштиану Роналду короновируска чалдыкты делип шектелгендиктен, бул оюнга катышпай калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM