Биз менен байланышыңыз

10 жаштагы Нурмухаммад «Гиннес» рекорддор китебине кирет

Ди-джейлер , Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 13231 | 3

Спорт тармагында бир канча эл аралык сынактарды ийгиликтүү багындырган, «Интеррекорд» уюмунун эл аралык рекорддор китебине кирген, кыргыздын «Брюс Лиси» Нурмухаммад Ташмаматов алдыда Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн аракет жасоодо.

Ал Гиннестин китебине каттоо комиссиясына үстөл үстүндөгү теннис тобун ракетка менен эмес, нунчак менен ойногон видеосун жөнөткөн. Баласынын мындай эмгегин колдогон Асылбек Ормонов «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

«Гиннес» рекорддор китебине 5 доллар төлөп, анкетабызды толтуруп, тиешелүү эрежелерин аткарып, кат жөнөтүп койдук. Ал тараптан жооп беш жумадан кийин келет дешти.Азырынча чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Буюрса, өтүп калсак, алар кийинки кадамдары боюнча маалымат беришет. Эгер макул болсо, ал кадамдарын аткарып, ары карай жыла беребиз.  Дагы бир жагдай, жөнөткөн анкетаны бат карап берүү үчүн алар белгилеген каражатты төлөө керектелет экен. Ушул жагы бизди бир аз ойлондуруп атат. Катталуу үчүн Нурмухаммад теннис боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги спорт чеберлери менен ат салышууга аракет жасайт. Алар теннис ракеткасы менен ойношсо, Нурмухаммад  нунчак менен ойнойт. Эгерде бул вариант жарабай калса, анда дагы запаста үч вариант турат. Бирок, аларды азыр айтпай турайын. Негизи өлкөдө эмес, дүйнөдө теннис үстөлүндө топту нунчак менен ойногондор жок экен. Дал ушул ыкмага кызыгып, коңшу мамлекеттен бир машыктыруучу келип, баламдын аракетин, шамдагайлыгын көрүп: «Биз алып кетип тарбиялап, машыктырып, дүйнөлүк  деңгээлге алып чыгабыз. Бирок, биздин өлкөнүн атынан чыгат», — деди. Мен макул болгон жокмун. Биздин негизги максатыбыз: дүйнө суктанган Вандам, Брюс Ли, Хабибдин деңгээлиндеги спорт чебери болуп, Кыргызстанды ааламга даңазалоо жана Орто Азиядагы Нурмухаммаддай балдарга шык берүү», — деди.

Нурмахаммад Ташмаматов Россиянын «Лучше всех» көрсөтүүсүндө Брюс Линин ыкмаларын туурап, коомчулуктун көңүл борборуна алынган. Мындан улам кыргыздын «Брюс Лиси» деп аталып келет.

3 пикир

3 пикир

  1. Pingback: Кыргыздын «Брюс Лиси» Нурмухаммад «Гиннес» рекорддор китебине кирет | eldik.media

  2. Pingback: КЫРГЫЗДЫН «БРЮС ЛИСИ» НУРМУХАММАД «ГИННЕС» РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ КИРЕТ - Чындык Media - Маалымат агенттиги

  3. Нуржан

    11.12.2020 19:13

    Кыргыз элимен чыккан жаш талантуу баланы колдош керек окмотко элдагы мен дуба кылам ийгилик Кыргызыма алып келсин деп омурлу болсун деп

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM