Биз менен байланышыңыз

Дагы 2 миңге жакын мектепте окуу жандандырылды (тизме)

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 1028 | 0

Кыргызстанда дагы 1843 мектепте реалдуу режимде окутуу жандандырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрлик тизме түзүлөрдө ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынганын билдирди.

Анын ичинен:

  • 401 мектепте 1-класстар;
  • 610 мектепте 1-11-класстар;
  • 107 мектепте 1, 11-класстар;
  • 30 мектепте 1-4-класстар;
  • 12 мектепте 1-6-класстар;
  • 12 мектепте 1-9-класстар;
  • 9 мектепте 1, 5, 9-класстар;
  • 21 мектепте 1, 9, 11-класстар;
  • 89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар;
  • 183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар;
  • 73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар;
  • 294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар;
  • 3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар окуп жатышат.

Ушул жылдын 11-ноябрынан тарта 1489 мектепте 1-6-9-11-класстар салттуу түрдө окуй башташкан. Учурда жалпы 2152 мектепте окуу улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM