Биз менен байланышыңыз

Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 446 | 0

Баткендин Исфана шаарынын аэропортуна белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. 7-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков облустун жаңы аэровокзалынын ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, жаңы имараттын курулушун жана аэродром элементтерин оңдоп-түзөөдөн соң, аэропорт жарактуулук тастыктамасына ээ болгонун айтты.

«Аэропорттордун ишинин жанданышы биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экендигин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөдөн колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Республиканын авиакаттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн учуулар ишке ашырылууда, жана бул багыттагы иштер уланталат», — деди Новиков.

«Исфана» аэропорту өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген. Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы «Исфана» аэродромунун заманбап талаптарга жооп берүү абалын текшерген. Иштин жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аэродромду пайдалануу тастыктамасы жокко чыгарылган.

2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамы аэродромдун пайдалануу тастыктамасынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары аба майдандын аталышы туура эмес жазылганын жана кыргыз тилинде жазылышын талап кылып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM