Биз менен байланышыңыз

Адылкан Бекболотов чыгаан боксер, кесипкөй машыктыруучу, жакшы адам эле

Кыска кабар , Спорт | 7 Дек 2020 | 772 | 0

Кыргызстандын бокс тармагы өтө оор жоготууга учурады. 6-декабрда Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жаш курагында оорудан улам көз жумду.

Адылкан Бекболотов СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Бокс боюнча курама командасынын мүчөсү болгон. Ал бир нече эл аралык турнирге катышып, көбүнөн алтын медаль, чемпиондук кур менен кайткан. Кыргызстанда өткөн бокс боюнча беттештерде 10 жолу чемпиондук наамды жеңип алган. Спорттук карьерасында жалпы 350 беттеш өткөрүп, анын 320сында жеңүүчү болгон. Атактуу мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Адылкан Бекболотов эки колу менен тең кубаттуу сокку жасай алган спортчу катары белгилүү болчу.

«Адылкан Бекболотовдун кыргыз боксундагы орду чоң эле», — дейт досу, Дүйнөнүн жети жолку чемпиону, Кыргызстандын атактуу боксчусу Орзубек Назаров.

«Ал  өмүрүнүн акырына чейин бокско берилди. Бокс менен жүрүп, өз ден соолугун да караган жок. Бул адам СССРдин спорт чебери, СССР курама командасынын мүчөсү болгон. Чемпионаттарда көп байгелерге жетишти, жадагалса экөөбүз да 1989-жылы беттешкенбиз. Кезинде бокстон кетип, кийин кайра Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу катары кайтып келди. Көптөгөн жаштарды машыктырды. Жакшы адам болчу, жарына, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Эртең акыркы сапарга узатканы барабыз. Жаткан жери жайлуу болсун!»

Адылкан Бекболотов 2009-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандын бокс боюнча курама командасына башкы машыктыруучу болгон. 2017-жылдан көзү өткөнгө Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде балдар машыктыруучусу болуп эмгектенген. Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн, олимпиадалык турнирлердин катышуучуларын даярдаган. Бекболотовдун адамдык сапаты да бийик болгонун, ар бир шакиртине аяр мамиле жасаганын айткан Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев устатын эскерип берди.

«Агай бизге абдан көп жакшылыктарды кылган. Адамдык сапаты да мыкты эле. Бизге жөн гана машыктыруучу катары эмес, агабыздай, атабыздай мамиле жасап, ар бир ишибизге күйүп турчу. Агай Кыргызстандагы спорттун бокс түрүнө чоң салым кошкон. Агай келгенде кыргыз боксу жогорку деңгээлге чыккан десем жаңылышпайм. Агайыбыз аябай так жүрчү, өз ишине чебер болчу».

Бекболотов 2014-жылы «Боксту өнүктүрүү» коомдук фондун түптөп, директору катары иштеп келген. «Боксту өнүктүрсөм, Кыргызстандын жаш боксчуларын дүйнөлүк аренага алып чыксам» дегенде эки көз төрт эле. Ошол тынымсыз иштери да ден соолугуна таасир этип, быйыл эки жолу операция болгонун уулу Айдар Бекболотов айтты.

«Атам жакшы адам болчу. Өмүрдөн эрте өтүп кеткенине өзүбүз да түшүнбөй калдык. Кыргыз боксчуларынын деңгээлин көтөрүүгө өзгөчө эмгек сиңирди. Атам машыктырган боксчулар азыр эл аралык турнирлерде чемпиондук алып жүрөт».   

Белгилүү боксчунун сөөгү эртең, 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Күрмөнтү айылында жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM