Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу жана «Элим, барсыңбы?!» фонду кароосуз балдарга жардам берди

Коом , Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 520 | 0

«Марал» радиосу жана «Элим, барсыңбы?!»коомдук кайрымдуулук фонду 5-декабрда Беловодскийде жайгашкан, балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барып, балдардын абалынан кабар алып кайтышты.

«Мекемеде азыркы тапта 203 бала тарбияланат, алардын көбүн ата-энеси таштап кеткен. 18 жашка толгонго чейин ушул жакта болушат. Бизге мамлекетке караганда жеке адамдар көп жардам беришет. Келген балдардын ден соолугу оңолуп кеткен учурлары көп эле. Мисалы, буту баспаган бир бала бар эле, бул жактагы врачтардын жардамы менен басып, азыр кафеде официант болуп иштейт», — деди тарбиячы.

Эки мекеменин өкүлдөрү балдар үйүнүн абалы, ал жерде иштеген кызматкерлердин шарты менен таанышкандан сырткары, чакан концерт тартуулашып, ала барган жардамдарын тапшырышты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM