Биз менен байланышыңыз

Мария Коробицкая Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 7 Дек 2020 | 491 | 0

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуу боюнча нормативди аткарды.

6-декабрда Ташкентте экинчи эл аралык марафон болуп өттү. Анда Коробицкая 42 чакырым 195 метр аралыкты биринчи болуп келип, алтын медалга ээ болду. Анын 2 саат 26 мүнөт 42 секундадагы натыйжасы Олимпиадалык нормативди аткарууга мүмкүнчүлүк берди, олипиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.

Коробицкая Кыргызстандан Токио олимпиадасына жолдомо алган алтынчы спортчу болду. Буга чейин лицензияларды Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков күрөш боюнча, Дария Маслова жана Юлия Андреева жеңил атлетика, жана Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча утуп алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM