Connect with us

Аскерлер интеллектуалдык жактан күч сынашты

Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 633 | 0

Бүгүн, 6-декабрда аскерлер арасында «Окурман жоокер» аталышындагы интеллектуалдык оюн өттү. Ага Улуттук гвардиянын 10-126 жана 10-127 аскер бөлүгүнүн жоокерлери жана ошондой эле Кайтаруу-күзөт департаментинин аскерлеринен түзүлгөн алты команда катышты.

Кыргыз адабияты, дүйнөлүк бренддер, жана логикалык суроолор деген үч баскычта өткөрүлгөн сынактын жеңүчүүлөрүн калыстар тобу аныктап, сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 12-декабрь — Улуттук адабият күнүн утурлай өткөрүлгөн иш-чараны «Китепкөй Кыргызстан» сегиз күндүк китеп окуу декадасынын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министирлиги «Бир адамдан бир китеп» доолборунун негиздөөчүлөрү менен биргеликте уюштурду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM