Биз менен байланышыңыз

Адам денесиндеги кубулуштар тууралуу 30 факт

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 1774 | 0

1. Көздүн чел кабыгында кан тамыр болбойт. Ал кычкылтекти түздөн-түз абадан алат;

2. Адамдын башында ар кандай формадагы жана аталыштагы 29 сөөк бар;

3. Бул сүйлөмдү окуп бүткөнчө, денеңиздеги 50 миңден ашык клетка өлүп, болжол менен ошол эле сандагы клетка пайда болот;

4. Адамдын жүрөгү өмүр бою орточо 180 миллион литрден ашык кан айдайт;

5. Түйүлдүккө 3 ай болгондон тарта манжа издери пайда болот;

6. Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда тез согот;

7. Адам өзүнүн кыялдарынын 98 %дан ашыгын эсинен чыгарып коёт;

8. Денедеги кан тамырлардын жалпы узундугу 100 миң чакырымга жакын;

9. Денедеги жылуулуктун көпчүлүгү баш аркылуу чыгат;

10. Чаңкоо дене салмагынын 1 пайызы сууга кеткенде пайда болот, 5 пайыз жетишсиздиктен алсырап калышы мүмкүн, ал эми 10 пайыз төмөндөшү өлүмгө алып келет;

11. Адам денесинде жана тышкы кол салуучу бактериялардын 1%ы гана ооруну пайда кылат;

12. Киндиктин илимий аталышы — умбиликус;

13. Дүйнө калкынын болжол менен 7 %ы сологой;

14. Чоңдордун организминдеги бактериялардын жалпы салмагы болжол менен 2 килограммды түзөт;

15. Тиштин эмалы адамдын организминдеги эң катуу ткань;

16. Сасык тумоону 100дөн ашуун вирус козгойт;

17. Адамдын териси өмүр бою 100 жолу өзгөрөт;

18. Аялдар эркектерге караганда эки эсе көп көз ирмейт;

19. Боюнун узундугу 130 сантиметрден төмөн эркектер жана 120 сантиметрден төмөн аялдар кодоо деп эсептелет;

20. Колдун тырмагы буттун тырмагынан 4 эсе тез өсөт;

21. Балдар төрөлгөндө тизе капкактары жок болот. Алар 2-6 жаштын ортосунда пайда болот;

22. Лейкоциттер орто эсеп менен 2-4 күн, эритроциттер 3-4 ай жашайт;

23. Адамдын эң күчтүү булчуңу — тил;

24. Адамдын жүрөгүнүн чоңдугу анын муштумуна барабар. Чоң кишинин жүрөгү болжол менен 220-260 граммды түзөт;

25. Оң өпкө сол өпкөгө караганда абаны көбүрөөк кармайт;

26. Адамдын көзү 10 миллиондон ашык түстү ажырата алат;

27. Дени сак адам күнүнө орто эсеп менен 5 жолу күлөт;

28. Адамдын көзү төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бирдей өлчөмдө болот. Бирок мурун менен кулак өмүр бою өсөт;

29. Орто жаштагы адам күнүнө болжолдуу 500 миллилитр тер бөлүп чыгарат;

30. Жүрөк өмүр бою орто эсеп менен 3 млрд 3 млн жолу согот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM