Биз менен байланышыңыз

Өзгөрүү. Мамиле. Тандоо

Блог | 4 Дек 2020 | 1628 | 0

Өзгөрүү жалаң жакшы жакка болушу керек. Дүйнөдө туруктуу нерсе жок: убакыт өтүп, мезгил өзгөрөт; бала төрөлүп, ата дүйнөдөн өтөт; бирөөсү таарынып, дагы бирөөсү жарашат; оору кетип, ден соолук табылат; уул үйлөп, кыз чыгарышат; күзүндө түшкөн жалбырактын ордуна жазында башкасы чыгат; жамгыр басылып, күн кайрадан чайыттай ачылат… Бул нерсе жашоонун бардык катмарында бар: үйдө, көчөдө, жумушта, жеке мамиледе, достукта, сапарга чыкканда, айылда, шаарда… Жогорудагы карама-каршы келген эки жактуу нерсенин ортосунда кескин айырмачылыкка жол ачкан нерсе — өзгөрүү.

Кубулуш, мамиле, жер, мезгил, абал өзгөргөндө, адамдар да өзгөрөт. Тагыраагы, бул нерселер бир адамдын өзгөрүүсүнө таасир этсе, а экинчи адам бул өзгөргөн адамдын таасири астында өзгөрөт. Ачыктап айтканда, мезгилдин өтүүсү менен адамдын абалы өзгөрүп, бардар киши кедей болот же тескерисинче, жөнөкөй адам мансап менен бийликке ээ болот же тескерисинче, жалгыз адам жуп болот же тескерисинче ж.б. ж.б. Идеалдуу адам болбогондуктан, жогорудагы айырмачылыкка дуушар болгон мезгилде адамдардын орду да алмашат — жакшы жаманга, жаман да жакшыга. Абалдан утук менен чыгуунун жалгыз жолу — окуядан, абалдан, өзгөрүүдөн сабак алуу. Ушундай жашоонун мыйзамы. Кандай роль тандоо ар кимдин өз гана колуңда. Же болбосо, адам өз тандоосунун курмандыгы.

Дүйнө туруксуз. Жаз, жай, күз, кыш; бала, ата, чоң ата; таңдын атып, кайра батканы — дүйнөнүн туруктуу эместигине анык далил. Көпчүлүк адамдар дүйнөнүн туруксуз экендигин билгени менен андагы убакыт, абал, мамиленин да туруксуз экендигине анча маани беришпейт. Туурасы, мына ушул майда деп эсептелинген нерселердин туруксуздугу себептүү дүйнө да өзгөрүүгө дуушар болгонуна саресеп салышпайт. Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам.

Адам — адам менен адам. Адамдын жүзү ысык. Аралык алыстаган сайын көңүлдөр да сууй түшөт. Аралык дегенде, байланыштын, мамиленин жоктугу. А чынында тыгыз байланыштагы адам кайда гана болбосун, аралыктан көз карандысыз абалда дайыма жүрөктүн түпкүрүнөн орун алат. Ошондой болсо да, мамилелер да өзгөрүүгө дуушар болорун унутпайлы. Жакшы жакка өзгөрүүсү үчүн мамилени жаңыртып туралы. Бүгүнкү колубузду байлап, убактыбызды алган жумуш бүтөт, а мамилелер калат. Тескерисинче, жумушту бүтүрүү үчүн мамиле түзүү — жаңылыштык, балким утурумдук туура чечим, бирок түбөлүктүү эмес. Убакыттын, абалдын өзгөрүүсүнөн көзүбүздүн май басуусуна жол бербейли. Жогоруда айтылгандай, ар бир көз ирмемден сабак алуу — өзгөрүүнүн эң туурасы.

Көңүл баарынан кымбат. Башкысы, табигый мамилени жасалмалуулуктан, утурумдук кызыкчылыктан жогору коёлу. Адамдагы асыл баалуулук — жөнөкөйлүк. Жөнөкөй бололу. Келечек өтмүштөн кураларын унутпайлы. Бүгүнкү абалыбыз айланабыздагы адамдардын таасиринен көз каранды. Жакшы же жаман адамдан чөйрө куруу — биздин тандообуз. А биздин тандообуз — биздин тагдырыбыз.

Автор: Аззамбек Жээнбай уулу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM