Биз менен байланышыңыз

Алтынбек Мамашов «АСА-116» турниринде беттеш өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2020 | 526 | 0

Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов 18-декабрь күнү Орусияда өтө турган «АСА-116» турнири боюнча орусиялык мушкер Виталий Слипенко менен беттешет. Бул тууралуу аталган уюм Инстаграм баракчасына жарыялады.

Алтынбек Мамашов жалпы карьерасында 14 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңүүчү аталган. Ал эми анын атаандашы Виталий Слипенко 15 беттеш өткөрүп, 12синде жеңүүчү аталып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 

Кыргызстандык мушкер бул уюмда буга чейин Гойти Дазаев менен беттешип, техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM