Биз менен байланышыңыз

Михаэль Шумахердин жолун уулу Мик улантат

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2020 | 308 | 0

21 жаштагы Мик Шумахер америкалык «Хаас» командасы менен көп жылдык келишим түздү. Ага ылайык, спортчу кийинки сезондо «Формула-1» жарышына аталган команданын атынан чыгып баштайт. Миктин өнөктөшү орусиялык Никита Мазепин болот, ал экөө тең бир куракта. Буга чейин бул спортчулар «Формула-2» унаа жарышына катышып келген.

Мик Шумахер — «Формула-1» жарышында жети жолу чемпион болгон Михаэль Шумахердин уулу. Ал эми Никита Мазепин — «Уралхим» компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Мазепиндин уулу. Мазепин «Формула — 1» жарышына Орусиядан катышкан төртүнчү спортчу.

Миктин алгачкы жарышы 11-декабрда Абу-Даби шаарында өтөрү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM