Биз менен байланышыңыз

Футбол күйөрмандары биринчи жолу стадионго киргизилди

Кыска кабар , Спорт | 4 Дек 2020 | 326 | 0

Европа лигасынын тайпалык этабынын алкагында өткөн «Арсенал» футбол клубу менен «Рапид» футбол клубунун беттешинде «Арсеналдын» 2000 күйөрманы Лондондогу «Эмирейтс» трибунасында отурушту. Бул туралуу аталган клуб Твитердеги баракчасына жарыялады.

Улуу Британияда күйөрмандар футболдук беттештерди стадиондон көргөн учуру март айынан бери биринчи жолу болуп жатат. Оюндун жыйынтыгында, талаа ээлери 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.

«Стадионго келип бизди колдогон эки миң күйөрманга жана биздин дүйнө жүзүндөгү бардык фанаттарга рахмат айтабыз», — деп белгиленет лондондук клубдун билдирүүсүндө.

Британиянын бийлиги буга чейин айрым клубдардын өз стадионундагы оюндарына белгилүү сандагы күйөрмандарды киргизүүгө макулдук берген. Англияда былтыркы сезон коронавируска байланыштуу март айынан тарта күйөрмансыз өткөн. Жаңы сезондо да азырынча көрүүчүлөр киргизиле элек болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM