Биз менен байланышыңыз

Өкмөт бизнести 2022-жылга чейин текшерүүгө тыюу салды

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 1423 | 0

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата киргизилген мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COVID-19 вирусунун жайылуу шартында, ишкерлерге кошумча стимул берүүгө багытталган.

«Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтом 2018-жылдын 17-декабрында кабыл алынган. Ага ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.

Экономика министрлиги быйыл май айында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоо максатында аталган токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Министрлик иштеп чыккан долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM