Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоого катыша турган 37 талапкер калды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 332 | 0

Дагы төрт талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, документтерин артка кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты кабарлады.

Талапкерлер Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бактыбек Жумагулов БШКга берген арызын кайтарып алды. Учурда президенттик шайлоого катыша турган 37 талапкер калды.

Буга чейин Садыр Жапаров, Бабыржан Тольбаев, Равшан Жээнбеков, Аймен Касенов кол топтоо баракчасын тапшырышты. Ал эми 14 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төктү.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM