Бүгүн, 3-декабрга карата президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 14 талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү.
Шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 талапкер калды.
БШКнын маалыматы боюнча бүгүн жалпы үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Алар Акжолтой Тукунов, Базарбай Темишов, Арсланбек Малиев.
Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.