Биз менен байланышыңыз

Молдованын президенти резиденцияда жашоодон баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 2227 | 0

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду Кондрица президенттик резиденциясында жашоодон баш тартты. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү каналдарга берген маегинде маалымдады.  

Майя Санду бул аракетин мамлекеттин акчасын ашыкча короткусу келбегени менен түшүндүрдү.

48 жаштагы президент Майя Санду Кишиневдеги 2 бөлмөлүү жеке батиринде жашайт. Ошондой эле кызматтык унаадан да баш тартып, 2007-жылы чыккан «Toyota Rav-4» үлгүсүндөгү менчик унаасын айдайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM