Биз менен байланышыңыз

Казакстан коронавируска каршы вакцинасын жаз айында чыгарууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 248 | 0

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавируска каршы вакцина чыгара турган завод курулуп жатат. Курулуштун суммасы 16,5 млн долларга бааланган. Жергиликтүү бийлик вакцина келерки жылдын март айынан тарта өндүрүлө баштаарын билдирүүдө.

«Биокоопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык стандарттардын негизинде талаптар коюлду, алардын бардыгы сакталат. Бул жерде вакцинаны сактоо, ташуу, даярдоо процессине жана институт кызматкерлеринин коопсуздугуна маани берилет», — дейт облус акими Бердыбек Сапарбаев.

Сапаттуу вакцинаны иштеп чыгуу үчүн мыкты адистер керектелгендиктен, учурда айлык акыны көтөрүү маселеси каралып жатканын кошумчалады. Заводдо 65 киши иштей турганы пландалууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Covid-19га каршы Казакстандын эки вакцинасын өз тизмесине кошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM