Биз менен байланышыңыз

«Элим,барсыңбы?» кайрымдуулук фонду автоунаалуу болду

Коом , Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 1070 | 0

Кыргыз элине 12 жылдан бери кызмат кылып келе жаткан «Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду темир тулпарлуу болду.

Буга чейин кайрымдуулук фонд өздүк унаасы жоктугунан иштерин такси кызматын же коомдук унааларды пайдалануу аркылуу жүргүзүп келишкен. Мындан улам айрым бир иштерди бүтүрүү бир аз кыйынчылыктарды жаратып коёрун байкаган ишкерлер күтүлбөгөн белек кылууну чечишип, «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа алып беришти.

Кайрымдуулук фонддун төрагасы Айдар Кубанычбеков: «Машина бизге азыркы тапта аябай керек болуп жаткан. Бул тулпар буйруса жумушубузду жеңилдеткенге чоң өбөлгө түзөт. Негизи муктаж болгон үй-бүлөлөр жаңы конуштарда турушат, анан ал жакка командабыз менен маршуруткада барчубуз. Эми буйруса жете албаган бардык жарандарга жардам бергенге аракет кылабыз. Күтүүсүз белек бизди дагы да болсо элибизге кызмат кылууга шыктандырып, милдетибизди кыйшаюусуз аткарууга дем берүү максатында берилди деп кабыл алдык», — деген сүйүнүчүн биз менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, «Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду колунда жок үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге, майыптарга, багар-көрөрү жок кары-картаңдарга жардам берүү, операцияга муктаж жарандардын операциясына каражат таап берүү сыяктуу соопчулук иштерди жасайт. «Жылуулук тартуулаңыз», «Мээримдүү тыйын», «Жүрөктөн жүрөккө», «Эмгекчил үй-бүлө» сыяктуу бир катар долбоорлордун алкагында көптөгөн акцияларды уюштуруп, колунда бар кайрымдуу инсандардан түшкөн каражаттарды тиешелүү жактарга берүүдө ортомчулук милдетти да аркалайт. Мындай долбоорлордун аркасында көптөгөн жарандардын муктаждыгы чечилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM