Биз менен байланышыңыз

Парламенттин ыйгарым укуктары жана шайлоону жылдыруу боюнча арыз каралууда

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 712 | 0

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жана референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу маселени карап жатат.

Буга чейин «Реформа» партиясы жана юристтер бирикмеси президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын айрым ченемдерин токтото турууга каршы арызданышкан.

Ишти судья Эмил Өскөнбаев кароодо.

Коюлган талаптар:

-VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүгө укугу жок:

-ыйгарым укуктарын өзүм билемдик менен кеңейте албайт жана шайлоо процесстерин токтото албайт;

-иш жүзүндө Конституцияны алмаштыруу / толуктоолорду киргизүү жана Конституциянын долбоорун коомго, өлкөгө жасалма «таңуулоо» аракети бар деп айтылууда.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Конституциянын жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен Венеция комиссиясына кайрылган. 

Акыйкатчы Европа кеңешинин Демократиялык укук комиссиясынын төрагасы Жанни Букикиого жолдогон кайрылуусунда «Өлкөдө конституциялык реформа канчалык зарыл?» деген маселе талкууланып жатканын айтты.

Венеция комиссиясы буга чейин да Кыргызстандын Жогорку Кеңеши конституциялык реформа жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок деп билдирген.

Кыргызстанда 80 депутаттын демилгеси менен Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Анда президенттин укуктары кеңейип, аткаруу бийлигин көзөмөлгө алуу, Элдик курултай институтун киргизүү сыяктуу сунуштар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM