Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 335 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 399 | 0

Кыргызстанда 2-декабрга карата дагы эки адам коронавирустан каза болду. Ал Бишкек шаарында жана Ош облусунда катталды.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы учурлары 1277ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин  335 жаңы учуру катталды. Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 73 миң 513кө жетти.

2-декабрга карата 478 бейтап айыгып, жалпы сакайгандардын саны 65 миң 189ду түзүүдө.

Стационарда 2651 бейтап дарыланууда, анын 711и оор абалда, 119у өтө оор абалда. Үй шартында 3600 бейтап дарыланып жатат.

Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын арасында 12 медициналык кызматкер аныкталды, анын төртөө кызыл зонада жуктуруп алган. Ошол эле акыркы суткада 15 кызматкер айыкты.

COVID-19 илдетин 3932 медик жуктуруп алган, анын 3623ү сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM