Биз менен байланышыңыз

«Эркечтам» жана «Торугарт» пункттары аркылуу өткөн унаалардын саны көбөйтүлөт

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 525 | 0

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн унаалардын саны 3-декабрдан тарта жогорулатууга даяр. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугшканда айтылды.

Кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, ошондой эле Артем Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң, «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу маселеси бир канча жолу талкууланган.

Анын жыйынтыгында, кытай тарап иш убакытысын 8 сааттан 12 саатка чейин көбөйтүү, көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

Унаалардын санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал.

Кытай элчиси ошондой эле «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечим кабыл алынганын айтты.

Артем Новиков Мамлекеттик бажы кызматына,  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM